УКМК кызматкерлери кафеде мушташканбы? Иштин жагдайы

Шаардык милициянын маалымат кызматы кафедеги чыр туурасындагы фактыны таптакыр танды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы кафелердин биринде 26-апрелде УКМК кызматкерлеринин мушташы болгону туурасында айтылууда. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине тартип коргоо органдарындагы булактар кабарлады.

Маалымат берген тарап кафеде УКМКнын бир нече кызматкери кармалганын жана "кафенин күзөтчүсүн сабап, бычак урушканын, андан соң ИИМдин Октябрь райондук бөлүмүнүн милиционерлери менен кармаша кетишкенин" айтышты.

Аталган жайдын администратору Sputnik Кыргызстан агенттигине 26-апрелдин түнү кафеге спорттук дене бойлуу 7-8 жаран кирип, агрессивдүү жүргөнүн айтып берген.

"Бизге келип тамак-аш жана спирт ичимдиктерин алышкан. Бир нече убакыттан кийин күзөтчүбүздү токмоктоп салганын кызматкерлерибизден уктум. Канга чыланып жатыптыр. Тез арада жетип келчү атайын даярдыктагы органды, милицияны жана Тез жардамды өзүм чакырдым. Дарыгерлер кызматкерибизди алып кетти. Ал эми кол салгандарды милиция алып кетти", — деп айтып берген ал.

Бул маалыматты УКМК танган да, тастыктаган да жок. Аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов "кызматтык ички иликтөө жүрүп жаткандыгын" айтты.

Ал арада маалымат берген тарап "УКМК кызматкерлери кармалгандан кийин райондук милицияга жеткиришкен. Бир нече мезгилден кийин УКМКнын күбөлүгүн булгалаган кишилер жетип келишкенин айтып берген.

"Алар кесиптештерин алып чыгып кетүүгө аракет кылышты", — деди маектеш.

Ал күбөлүктө тогузунчу бөлүмдүн (Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкерлери экендиги жазылып жүргөнүн кошумчалаган.

УКМК: кылмыштуу топтун башчысы деп милиционер кармалды
Милициянын маалымат кызматынан фактыны танып жатышат. Кафени кайтарган жеке күзөт кызматы чатак боюнча комментарий берген жок.

Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратурадан окуянын чоо-жайы боюнча эч нерсе айтпастан, бирок Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен катталгандыгын белгилешти. Көзөмөл органы буга УКМК кызматкерлеринин катыштыгы бар-жогун тастыктай алган жок.

Алардын айтымында, иш бирдиктүү реестрге кафенин күзөтчүсүнүн сабалгандыгы боюнча катталган.