Бишкекте уранга каршы өткөн митинг аяктады

Чогулгандар 6 пункттан турган резолюция кабыл алышты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында "Ала-Тоо" аянтында уранга каршы өткөн митинг аяктады.

Нааразычылык акциясына чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековго, төрага Дастан Жумабековго, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана башка тийиштүү жетекчилерге кайрылуу жолдоп, 6 пунктудан турган резолюция кабыл алышты. 

Бишкекте уранга каршы өткөн митинг аяктады

Тытып салат! Уранга каршы митингде Равшан Жээнбековду кууп чыгышты. Видео
Митинг учурунда Равшан Жээнбековдун айынан чыр чыгып кете жаздады. Чогулгандар "кетип калыңыз" деп элдин арасынан бөлүп салышты. Ошондой эле депутат Алмамбет Шыкмаматовдун да кетүүсүн талап кылышты. Митингчилер саясатчылар өзүлөрүн пиар кылуу үчүн келгенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол аймагындагы Таш-Булактагы уран кенин иштетүү боюнча өкмөттүн аракетине жергиликтүү тургундар каршы чыгышкан. Аталган кенде чалгындоо жүргүзүүгө UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы лицензия алган. Жарандардын каршылыгынан улам өкмөт кенди изилдөө жана чалгындоо иштери убактылуу токтотулганын билдирген.