Радио

Майтикова: 2-3 жылдан кийин Бишкекте бала бакча тартыштыгы жоюлат

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чинара Майтикова төрттөн бала бир керебетте уктаган бала бакчадагы учур бир жолу гана болгондугун айтты.
Sputnik
Майтикова: 2-3 жылдан кийин Бишкекте бала бакча тартыштыгы жоюлат

Бир керебетте төрттөн бала жатып, социалдык тармактарда ызы-чуу жараткан видео балдардын түшкү уйку учурундагы бир эле жолу болуп өткөн окуясы. Анткени бир бөлмөнү сырдап коюшкандыгына байланыштуу балдарды экинчи группага кошо турушкан экен. Бул тууралуу Чинара Майтикова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада бала бакчалардын жетишсиздиги президенттин деңгээлинде чечилип жатат.

"Бишкектеги №1 "Шоола" бала бакчасында бир керебетте 3-4төн бала, ал тургай жерде уктап жатышкан учуру ремонт жүрүп жатканда бир күн гана болгон экен. Тарбиячы балдарды минтип жайгаштырып койгонун жардамчысы тартып алыптыр. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми жалпысынан ала турган болсок, айрым бала бакчаларда орун жетишпей, бир керебетте экиден бала уктаган кездери болот. Бул тууралуу ата-энелер деле билет, мындай көйгөй бар. Учурда бул маселе президенттин көзөмөлүндө. Аны чечүүгө өкмөт, министрлик жана шаар мэриясы алгылыктуу аракеттерди жасап жатат. 2-3 жылда борбор калаада бала бакча тартыштыгы жоюлат деп ишенебиз", — деди адис.

Ал ошондой эле аталган бала бакчада эмнеге бир бөлмөдө эки топтун балдары уктап жаткандыгы тууралуу ата-энелерге тушүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн жана бакча директору түшүнүк кат жазганын кошумчалады.