Ошто төөнөгүч жутуп алган 9 айлык ымыркайды дарыгерлер сактап калышты

Эне-бала аман-эсен үйүнө жиберилди.
Sputnik

ОШ, 25-апр. — Sputnik. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында дарыгерлер тогуз айлык баланын кызыл өңгөчүнө туруп калган төөнөгүчтү операциясыз алып чыгышты. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташболотов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бала Баткен облусунун Кадамжай районунан 22-апрель күнү аталган ооруканага келип түшкөн.

Тогуз айлык бала бешикке илинген көз мончок менен ойноп жатып, ага кадалган төөнөгүчтү кокусунан жутуп алган.

"Төөнөгүч ачылып, баланын кызыл өңгөчүнө туюк жагы менен туруп калган. Наристе ооруканага келип түшөөрү менен жалпы наркоз берилген. Лор бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдихаликов эзофагоскоп аппаратынын жардамы менен төөнөгүчтү операциясыз алып чыкты. Учурда баланын абалы жакшы. Эне-бала үйүнө жиберилди", — деди Ташболотов.

Башкы дарыгер баланын кызыл өңгөчүнө зыян келтирбей төөнөгүчтү операциясыз алып чыгуу дарыгер Жангар Абдыхаликовдун кесиптик чеберчилиги экенин баса белгиледи.

Ал кошумчалагандай, бул бөлүмдө көпчүлүк учурда тыйын, топчу жутуп алган балдар көп катталат.