Премьер Мамкаттоого эмнеге "сөгүнчөөк" жетекчи дайындалганын түшүндүрдү

Абылгазиев Мамбетов Балыкчы шаарында санариптештирүү боюнча абдан жакшы кадамдарды жасаганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине эмне үчүн Алмаз Мамбетов дайындалганын Жогорку Кеңеште түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, өкмөт 2018-жылы аткарган иши боюнча отчет берип жатат.

Депутат Исхак Масалиев Каттоо кызматынын башчылыгына келген жетекчи интернетте бирөөлөрдү сөгүп, зыян келтирем деп жүргөнүн айтып, андыктан мындай кишини жетекчи болуп дайындалышы кызык деп кине койду.

Өз кезегинде Абылгазиев Мамбетов Балыкчы шаарында санариптештирүү боюнча абдан жакшы иштерди жасаганын айтты.

"Тактап айтканда, элге мамлекеттик кызматты жеткирүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарды. Биз азыр көрүп жатабыз, энергетика тармагына энергетикти койсо, ал өнүкпөй жатат, айыл чарбасына агрономду койсо, ал жак оңолбой жатат. Андыктан менеджерди алып келели деп ушул коллегабызга токтолдук", — деди премьер.

Өкмөт башчы интернетте тараган билдирүүлөр боюнча кабары бар экенин, мындан кийин андай болбойт деген ишенимде экенин айтты.

"Сүйлөшкөндө дагы жанагындай сөздөрдү азыраак колдон дедим", — деди ал.

Абылгазиев реформага бут тоскон канча жетекчини иштен алганын айтты
Төрага Дастан Жумабеков "андай сөздөрдү такыр колдонбосун" деген кеңешин берди.

Эске салсак, Алмаз Мамбетов 2018-жылы август айынын ортосунда Facebook баракчасы аркылуу айрым жарандардын сын-пикирине орой сөздөр менен жооп берип, бул жоругу социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. Кийинчерээк Балыкчы шаарынын мэриясы Facebook баракчасы аркылуу Мамбетовдун социалдык баракчасын ниети каралар бузуп кирип, орунсуз сөздөрдү жазды деп актанууга аракет кылган.