Кара-Кулжада Тар дарыясына агып кеткен 29 жаштагы кыз каза болду

Маркум психикалык жактан жабыркап каттоодо турганы айтылды.
Sputnik

ОШ, 25-апр. — Sputnik. Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына 29 жаштагы кыз агып кетип, каза болду. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

22-апрель күнү саат 18:30дар чамасында Тар дарыясында балык кармап жаткан киши райондук милицияга чалып, аял киши агып бара жаткандыгын билдирген.

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм коюп кеткен эки аял каза болду
Ал дарыяга жакын жайгашкан Кеңеш айылынын жашоочуларын чакырып, эл кыздын сөөгүн суудан алып чыккан. Маркум 29 жаштагы Кеңеш айылынын тургуну экендиги белгилүү болду.

Ал буга чейин психикалык жактан жабыркап, атайын каттоодо турган. Окуя болгон күнү кызды туугандары таппай, издей башташкан.

Жакындары анын денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Кыздын энеси Россияда эмгектенгендиктен ал атасы жана бир туугандары менен чогуу жашап келген.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.