Бишкектин бир нече көчөсү 10-майга чейин жабылды

Мэрия айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Инженердик оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын эки көчөсү жабылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Киев көчөсүнүн Үмөталиев менен Шевченкого чейинки бөлүгүнө 25-апрелден тарта чектөө киргизилди.

"Бул аймакка суу жана жылуулук түтүктөрү жаткырылат. Иштер 10-майга чейин созулат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Ажыбек баатыр көчөсүнүн Шота Руставелиден Жунусалиевге (мурдагы Орджоникидзе) чейинки бөлүгү ушул эле себептерден улам жабылды.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.