Жалал-Абад: чет элдик кардиологдор бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стент орнотту

Кардиолог Али Масуд илимий борбордун имаратын оңдоо үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрыларын айткан.
Sputnik

ОШ, 24-апр. – Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунда Сауд Аравиянын кардиологдору бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стент орнотту. Бул тууралуу аталган борбордун директору Калдарбек Абдраманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Сауд Аравиядан келген кардиологдорго операция жасоодо жергиликтүү адистер да көмөктөшкөн.

Абдраманов аталган өлкөдөгү кесиптештери менен бир топ жылдардан бери кызматташып келе жаткандыгын кошумчалады.

Быйыл чет өлкөлүк кардиологдор өлкөнүн түштүк аймагына борбордун жетекчилигинин атайын чакыруусу менен келишкен.

"Жүрөк миокардасынын инфарктынан жабыркаган бейтаптарга ангиограф-рентгендик нурлардын жардамы менен иштөөчү медициналык аппарат аркылуу стент коюлду", — деди Абдраманов.

Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт
Хирургдар облус аймагындагы 60ка жакын бейтапка акысыз кызмат көрсөтүшкөн.

"Чет өлкөлүк кардиологдор тобун дарыгер Али Масуд жетектеп келди. Ал Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун имаратын оңдоо үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрыларын айтты", — деп билдирген Абдраманов.

Учурда чет элдик дарыгерлер Ош жана Баткен облустарында акысыз операция жасоону улантып жатышат.

Жалал-Абаддагы аталган илимий борбордо учурда 170тей дарыгер бейтаптарды тейлеп келет.