БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын Владивостокко барганын РИА Новости агенттигинин кабарчысы билдирди.
Зооттолгон поезд Москва убактысы боюнча саат 11:01де келген.
Ким Чен Ын перронго чыгып, тосуп тургандар менен учурашты. Кийин вокзалдагы аянтчага барышкан. Ал жакта түндүккореялык делегацияны Ардак кароолдун оркестри күтүп турган.
Ким Чен Ын Орус аралындагы резиденцияга жөнөп кетти. РИА Новостинин ишенимдүү булактары билдиргендей, Түндүк Кореянын лидери Путин менен эртең, 25-апрелде, жолугушат.
Ким Чен Ын Россияга биринчи ирет келди. Ал бул жакта ишемби күнгө чейин болору айтылууда.