УКМК: Бишкектеги күмөндүү баштыктан таштанды табылды

Адистер күмөн жараткан баштыктын айынан жарым саат бою аймакты текшеришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунан жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен шек санаткан баштык табылганын маалымдаган. Аймак курчоого алынган болчу.

"Баштыктан таштанды табылды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.