Сооронбай Жээнбеков Кытайдан келген жаңы автобуска түштү. Видео

Президент Сооронбай Жээнбековго мэрия Кытайдан сатып алган жаңы автобустарды көрсөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Sputnik

Өткөн жылдын аягында тендер жарыяланып, аны Znengzhou yutongbus CO., LTD компаниясы утуп алган. Бүгүн 300 миллион сомго 60 автобус алынды.

Орун берген соң бир жылмайып кой! Коомдук транспортто жүрүүнүн 9 эрежеси
Жаңы транспортту президентке калаа мэри Азиз Суракматов көрсөттү.

Суракматовдун айтымында, автобустар ушул жылдын март айында чыгарылган.

Евро-5 экологиялык стандартына туура келген автобустардын ичине 80 жүргүнчү батат.

Жээнбеков эл ташуучу унаага түшүп алып бир канча аялдамага чейин барды.