Китептеги ката: Абылгазиев министр Кудайбердиевага болушуп чыкты

Депутат артынан жаман сөз ээрчиген министрлер боюнча өкмөт башчынын пикирин сурады.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым окуу китептеринде кетирилген каталар боюнча азыркы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны айыптоо акылга сыйбаган нерсе экенин айтты.

Эске салсак, буга чейин коомчулукта окуу китептеринде кетирилген каталар боюнча нааразычылык жаралган. Ал эми министрлик каталар басмаканадан кеткенин айткан болчу.

Бүгүн, 24-апрелде, Абылгазиев өкмөттүн 2018-жылы жасаган иштери боюнча толук отчет берүүдө.

Талкуу учурунда депутат Искендер Матраимов артынан сөз ээрчиген билим берүү жана саламаттык сактоо министрлери боюнча өкмөт башчынын пикирин сурады.

"Билим берүү жана саламаттык сактоо министрлеринин артынан ээрчиген сөз тыйылбай койду. Ушул боюнча силер өзүңөр текшерип, мониторинг жасап көрдүңөрбү, балким башкалар туура эмес айтып жатышкандыр", — деп депутат суроо салды.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул жерде сөз китептеги ката боюнча болуп жатканын айтып, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен сүйлөшкөнүн белгиледи.

Баннердеги ката: министрлик сотко кайрылган кызматкери боюнча жооп берди
"Гүлмира Каримовна менен сүйлөшсөк, мурдагы министрдин убагында тендер өтүп, андан кийин жанагындай каталар кеткен экен. Бул жерде ал каталарды Гүлмира Кудайбердиевага жабыштырган туура эмес болуп калат. Ал эми Космосбек Чолпонбаев боюнча, ал келгенден бери эле кетиши керек деп айтып жатышат. Бирок ал да биринчи кадамдарын жасап, үй-бүлөлүк, акушерлердин, фельдшерлердин айлыгын көтөрүү боюнча аракеттерди көрүүдө. Кээ бирлер атайылап эле каралап жатат, аны көрүп турабыз", — деди ал.

Өкмөт башчы ошондой эле бул маселелер таразаланып, баа берилерин кошумчалады.