БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Анда көрүнүп тургандай, баласы менен сейилдөөгө чыккан маймыл жанын кейиткиси келген эмес окшойт. Атасы жыгачка отуруп алып курсагын тойгузгуча баласы ары-бери чуркап кетпесин дегенби, айтор, куйругунан катуу кармап алган.
Жаныбарлар дүйнөсүнөн тартылган маймылдардын видеосу көпчүлүктүн маанайын көтөрсө керек.