Нур-Султанда кыргызстандыктар КМШнын мыкты студенти аталды

Кыргызстандык студенттер "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мыкты студенти-2019" конкурсунун алкагында уюштурулган сынакка катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандын үч студенти Казакстандын борбору Нур-Султанда өткөн сынакта КМШнын мыкты студенти аталды. Бул туурасында Кыргызстан Эл аралык университетинен маалымдашты.

"Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мыкты студенти-2019" конкурсунун алкагында "Эл аралык жаш таланттар энциклопедиясы" деп аталган китептердин коллекциясы уюштурулган.

Кыргызстандык бийчилер Түркиядагы балет конкурсунда 6 медаль алышты. Сүрөт
Ага катышкан Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын магистранттары Сыймык Эдилбек уулу, Альбина Нагызбек кызы жана Кыргызстан Эл аралык университетинин 4-курсунун студенти Турар Куланбаев мыкты студенттердин катарына кирген. Алар "КМШнын мыкты студенти-2019" төш белгиси, диплом жана энциклопедия менен сыйланганы айтылат.

Сыймык Эдилбек уулу жана Альбина Нагызбек кызы Кыргызстан Эл аралык университетинин Жумуш берүүчүлөр менен байланышуу, өндүрүштүк практика, көзөмөл жана мониторинг бөлүмүнүн адиси болуп иштей турганы кошумчаланат.