Өкмөт: Кыргызстанда электр энергиясы жетпеген айылдар бар

Премьер өкмөттүн 2018-жылы жасаган иштери тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2018-жылы жасаган иши тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, Кыргызстанда электр энергиясы жетпеген айылдар бар экенин, аларга 2018-жылы биринчи жолу жарык тартылганын айтты.

Өкмөт башчынын айтымында, мындай айылдар Аксы менен Жумгал райондорунда болчу.

"Буга чейин электр энергиясы таптакыр жок айылдарга электр энергиясын алып бардык, булар Аксы жана Жумгал райондору", — деди ал.

Уран кениндеги иштер убактылуу токтоду. Өкмөттүн чечими
Премьер ошондой эле республика боюнча кошумча 244 көмөк чордондору орнотулганын белгиледи. 1100 чакырым электр чубалгылары жаңыланганын айтып, бул 2017-жылга салыштырмалуу 40 пайызга көп экенин кошумчалады.

Абыгазиев отчетунда өкмөт "Кумтөр" сыяктуу ири компаниялардан көз каранды болбогон экономиканы түзүүнү милдет кылып коюп жатканын билдирди.

Андан сырткары, өлкөдөгү кен казынасы менен энергетика чөйрөсүндөгү системалуу көйгөйлөр, коррупциялык схемалар, көзөмөлдүн жоктугу, насыя менен гранттардын натыйжасыз пайдаланышылы кредиторлордун алдында ири карыздардын топтолушуна алып келгенин айтты.

"Учурда энергетиктердин насыя боюнча карызы 102 миллиард сомго чыкты. Бул азыркы мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көбүн түзөт. Быйыл бул карыздын 4,6 милилард сомун төлөшүбүз керек. Энергетика системасында карыз төлөөнүн жеткен чеги 2025-жылга туура келип, 10 миллиард 300 миллион сомго чыгат", — деди ал.

Абылгазиев ошондой эле бул өлкөнүн экономикасына оорчулук алып келип, чоң жүк болорун кошумчалады.