Радио

Жумабаев: патент алууга автор өзү кызыкдар болушу керек

Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары Жоодар Жумабаев ойлоп табуучулар жана жаратмандар эмгегине патент алса, алардын автордук укуктары корголорун айтты.
Sputnik
Жумабаев: патент алууга автор өзү кызыкдар болушу керек

Автор укуктарынын сакталышы үчүн эмгегин патенттөөгө өзү кызыкдар болушу керек. Бул тууралуу Жоодар Жумабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызпатент жаш ойлоп табуучулар жана жаратмандарга эмгегин патенттеп, жайылтууга дистрибьютердик жана укуктук жардам берет.

"Ойлоп табуучулук — чоң эмгек. Жаратмандар өзүнүн автордук укуктарын сактап калам десе, анда сөзсүз эмгегин патенттетиши зарыл. Буга биринчи кезекте автор өзү кызыкдар болушу керек. Себеби талаштуу маселе жаралса, патент далил катары автордун укугунун сакталышын шарттайт. Патенттөөнүн жол-жобосу жеңил. Мисалы, жазуучу өзүнүн эмгеги менен Кыргызпатентке кат жүзүндө кайрылса болот. Ал жактан тийиштүү экспертиза дайындалып, эмгектин мазмунуна жараша атайын бөлүм карайт. Эгер чыгарма бардык талаптарга жооп берсе, дароо автордук укукка ээ болот", — деди Жумабаев.

Ошондой эле ал жаш авторлордун эмгегин жайылтып, таанытуу максатында технопарктар жана Кыргызпатент мамлекеттик ишканасынын алдында атайын фонд иш алып барарын кошумчалады.