Экиден ашык үй ээлерине салыктын көлөмүн көбөйтүү зарыл. Бул тууралуу Нурбек Алимбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул тизмеге жаңы үлгүдөгү кымбат баалуу унаа айдоочуларын да кошсо болот.
"Жакында эле Германияда иш сапары менен болдум. Ал жакта бирден ашык турак жайы бар адамдарга салык көбүрөөк салынат экен. Кыргыздардын менталитетин эске алуу менен экиден ашык тамы барларга салыктын наркын көтөрүү же эки эсеге көбөйтүүнү сунуштадым. Анткени биздин эл европалыктарга салыштырмалуу көп балалуу болуп, бала-чакасына да үй алып коюшу мүмкүн. Мындай мыйзам ишке кирсе мамлекеттин казынасына кошумча каражат түшүп, аталган мыйзам материалдык байлыгы көп жарандарга багытталмак. Ошондой эле аталган мыйзамды чоң көлөмдөгү автоунааларга да киргизсек болот", деди — депутат.
Эл өкүлү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталса, депутаттар колдоп берерине ишенерин кошумчалады.