Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулуна соттун өкүмү чыкты

Экс-депутат жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун Алматы шаардык соту күнөөлүү деп таап, 10 жылга кести.

Соттун өкүмүнө ылайык, Асылбек уулу жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылат.

Дамирбек Асылбек уулуна соттун өкүмү чыккандан кийин мушташ чыкты
Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган.