Чүйдө пенсионерди коюп кеткен айдоочу 9 күндөн кийин кармалды

Кырсык 15-апрелде Бишкек — Кордай жолунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Чүйдүн Ленин айылында 72 жаштагы карыяны унаа коюп кетип каза болду. Бул туурасында облустук ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди. 

Чүйдө пенсионерди коюп кеткен айдоочу 9 күндөн кийин кармалды

Кырсык 15-апрелде Бишкек — Кордай жолунда болгон. Жаракат алган киши жеринде каза тапкан. Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну милиция бүгүн шектүү катары колго түшүргөн.

"Васильевка айылынын 45 жаштагы тургуну кармалды. Ал эми Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасы айып короого киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча сотко чейинки иштер аткарылууда.