Баткенде суу топтолчу 21 кудуктун темир капкактары уурдалды. Шектүү кармалды

Шектүү 41 жаштагы Баткен шаарынын тургуну экендиги белгилүү болду
Sputnik

ОШ, 24-апр. – Sputnik. Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу 21 кудуктун темир капкактарын уурдоого шектүү киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелге караган түнү болгон.

Кылмыштын изи сууй электе Баткен шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан шектүү катары калаанын 41 жаштагы тургуну кармалды.

Анын жашаган үйүн тинтүүгө алган учурда кудуктун капкактары табылган.

Учурда шаардын тургуну капкактарды эмне максатта уурдагандыгы териштирилип жатат. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.