Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу

Ак үйдө отурган аткаминерлердин көчө шыпырганын көрдүңүз беле? Же андай болушу мүмкүн эмес деп ойлойсузбу? Анда Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Эл арасында" долбоорун көрүүнү сунуштайбыз. Бүгүн депутат Аида Исмаилова колуна шыпыргы кармап Бишкектин Эркиндик проспектисиндеги гүл бакты тазалады.
Sputnik

Исмаилова Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири. "Республика – Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен келген. Ага чейин кореялык компанияларда котормочу, менеджер болуп иштеп, Silk road services деп аталган жеке компанияны жетектеген.

Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу

Эл өкүлү журналист Эламан Карымшаков менен эмгек үстүндө баарлашты. Ал Бишкек шаарында туулуп-өскөнүнө карабай, үй жумуштарын кенен-чонон жасай ала турганын айтты. Бала кезде үч айлык каникулда Жети-Өгүздө жашаган таенесинин үйүнө барып, айылдын иштерин жасачу экен. Жаңы келин болгондо да короо шыпырганын эстеп өттү.

Аида Исмаилова Бишкек гуманитардык университетинде "экономист — чыгыш таануучу" адистиги боюнча окуган. Ал жактан корей тилин үйрөнүп, кореялык компаниялар менен иштешип келген.

Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу

"Башында япон тилине тапшырайын дегенде бир орунду эки кыз талашып калдык. Анан декан атамды чакырып, ал кыз алыскы региондон келгендиктен жол бошотууну сураган. Ушуга байланыштуу корей тилин тандагам. Былтыр Кореяга барып депутаттар менен жолукканда котормочу берген. Мен ага чыдабай кетип сүйлөп жиберсем, башка өлкөнүн парламентарийи корейчени каяктан билет деп аябай таң калып, кайра-кайра карашкан", — деди Исмаилова.

Эл өкүлү чыгармачылык чөйрөдөн дагы алыс эмес экен. Окуучу кезинде пианинодо ойноп, ыр жазып, "Эрсай" эстрада тобунун солисти болгонун айтат. Эки жыл бою Жамиля Муратова, Алина Жетигенова, Расул Маматкулов, Мерген Турган сыяктуу ырчылар менен бирге ырдап жүргөн экен. Ошол учурдагы "Кызыл гүл болуп жайнайсың" деген жакшы көргөн чыгармасын бизге да аткарып берди.

Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу

Исмаилованын депутат катары жасаган иштерин көрүп эле жүрөбүз. Ал эми үйдө кандай кожойке экенине кызыгып суроо узаттык.

"Пирог, булочка сыяктуу таттуу нан азыктарын, фунчоза салатын жана балык менен тамак жасаганды жакшы көрөм. Анан пульгоги деген корей тамагын жакшы көрүп жасап жейбиз. Аны этти маринаддап, жемиштерди кошуп газга бышырабыз. Аябай даамдуу болот. Кызматчы алганды жактырбайм, үй иштерин өзүбүз эле жасайбыз, балдарым да чоңоюп калган. Кызым 16, балам 13 жашта, жолдошум да жардам берет. Жолдошум менен 1-курста окуп жатканда таэквондо боюнча иш-чарага барып таанышып калгам. Ал ошол жерде машыккан алдыңкы спортчу экен. Анан сегиз жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Эгер дароо эле бүлө курганыбызда азыр неберелүү болуп калмак экенбиз", — деп тамашалады депутат.

Ошондой эле ал учурда жолдошу жеке ишкердик менен алектенерин кошумчалады.

Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу

Аида Исмаилова ЖКда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин мүчөсү. Бул тармактан коррупцияны казганда жогору жактан коркутуу-үркүтүүлөр болгонун белгиледи.

"Саламаттык сактоо системасын изилдөө боюнча жумушчу топ түзгөнбүз. Ал жакта коррупция илгертен бери ичине кирип тамырлап кетиптир да. Анын жарымын гана казып, кадрдык мыйзам бузуулар, коррупциялык жол менен жүргүзүлгөн сатып алуулар боюнча 100 барак кылып комитетке чыгарайын дегенбиз. Ошол маалда мурунку президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов чалып менин консультанттарымды коркутуп-үркүтө баштады. Бирок ага карабай комитеттен өткөрүп өкмөткө жибергенбиз. Эми ал жактан жакшы каралбай жатат", — деп нааразы болду Исмаилова.

Мындан сырткары, ал өкмөт дары-дармек боюнча талап кылган иштеринин 70 пайызын аткарганын билдирди. Эми принципиалдуу учурлар калганын айтып, ал схеманын жолун бууса коррупциянын жарымы жоюла турганын билдирет.

Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу

Ошол эле учурда өкмөттүн жалпы ишине баа берип, өлкөдөгү кырдаал боюнча пикирин айтты.

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу
"Мен азыр өкмөттүн ишине "канааттандырарлык" деп баа бере албайм. Бирок учурда бизге стабилдүүлүк керек болууда. Анын үстүнө бир нече күчтөр чыгып, ар кандай аракеттерди жасап жатат. Ошондуктан азыр өкмөт дагы кетип калса, жаман эле иш да. Менин жеке пикиримде иштеп турганы дурус. Анын арасынан ишин эптей албаган министрлерди карап чыгышыбыз керек", — деди Исмаилова.

Эл өкүлү менен болгон иш учурундагы маек 1,5 саатка созулду. Соңунда ал эртең менен көнүгүү жасагандай сергип калганын айтты. Ал эми "Эл арасында" долбооруна катышуу кезегин кесиптеши, депутат Элвира Сурабалдиевага узатты.