Бирок Текебаевдин жактоочулары прокуратуранын келтирген жүйөлөрү менен макул эместигин, ишти кароону улантуу зарылдыгын билдиришти. Алар мамлекеттик айыптоочулар ишти атайылап создуктуруп жатканын белгилешти.
Сот коллегиясы жеринен кеңешип, Текебаевдин ишин кароону 3-майда саат 10:00дө улантуу чечимин кабыл алышты.
Андан сырткары, бүгүн, 23-апрелде, Жогорку соттун имаратынын алдына Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары митингге чыгып, аларды боштондукка чыгарууну талап кылышты.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Соңку өкүмдү Жогорку сот чыгарган. Бирок кийин Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко кайрылып, ишти кайра кароону өтүнгөн.