Радио

Галбаев: жеке менчик клиникалар жыл сайын отчет берип турат

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын адиси Нурлан Галбаев эгер жарандар тарабынан жеке клиникаларга арыз түшсө, аны лицензиясынан ажыратууга чейинки чаралар көрүлөрүн айтты.
Sputnik
Галбаев: жеке менчик клиникалар жыл сайын отчет берип турат

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен жыл сайын жеке менчик клиникалар жылдык отчетун берип турат. Бул тууралуу Нурлан Галбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер жеке клиникаларга жарандар тарабынан арыз түшсө, атайын комиссия түзүлөт.

"Кыргызстанда бүгүнкү күндө көптөгөн жеке менчик клиникалар иштеп келет. Аларга тиешелүү талаптарга жооп бергенде гана лицензия берилет. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен жыл сайын жылдык отчетун берип турат. Эгер жарандар тарабынан жеке клиникаларга болобу, лабораторияларга болобу, арыз түшсө, атайын комиссиянын негизинде каралат. Арыз жүйөлүү болсо тийиштүү чаралар көрүлүп, лицензияны алып коюуга да укук берилет", — деди Галбаев.

Ал, мындан сырткары, Кыргызстанда адам органдарын жеке клиникаларда алмаштырууга али эрте экенин кошумчалады.