Бишкекте "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке кирди. Сүрөттөр

Ушу тапта аталган аймакта кылмыштын саны кескин азайганы байкалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкектеги №6 кичирайондо "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке киргенин мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, баштапкы этабында аталган аймактагы коомдук жана административдик объектилердин жанына, кичирайондун ичиндеги көчөлөрдүн кесилишине 72 видеокамера орнотулду.

"Долбоорго жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Долбоор көзөмөл пункту борборлоштурулуп, сервер милициянын №3 бөлүмүндө жана Октябрь РИИБинде орнотулду. Байкоо милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 2018-жылдын I кварталында аталган кичирайондо 109 кылмыш катталган. Ал эми долбоор ишке киргенден тартып 2019-жылдын I кварталында болгону 20 кылмыш болгону айтылды.