БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Иликтөө боюнча федералдык бюросу (ФБР) Адольф Гитлердин 1945-жылы Аргентинага качып кетиши жөнүндөгү версиянын текшерилиши боюнча документтерди жарыялады.
Ал материалдарга ылайык, Гитлер суу алдындагы кайык менен Түштүк Америкага чейин барып, аны Аргентинанын жогорку кызматта иштеген алты кишиси тосуп алган. Ага Анды тоосунун түштүк бөлүгүндөгү ранчодон баш паанек беришкен.
Гитлердин качып кеткени боюнча биринчи доклад 1945-жылы 21-сентябрда түзүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча ал 1945-жылы 30-апрелде өз жанын кыйган.
Ал ортодо Россиянын аскер-тарыхый коомчулугунун илимий доктору Михаил Мягков Гитлер Берлинде өзүнө кол салып каза болгонун айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Мягков Гитлердин жаак сөөгүнүн бөлүгү менен стоматологдун картасы Москвада сакталуу экенин билдирген.
"Согуштан кийин Гитлер качып кетиши ыктымал деген версияны мамлекеттик коопсуздук кызматы да иликтеген. Биздин архивде тергөөнүн жүрүшү боюнча бир нече документтердин тому сакталып турат. Анда Гитлердин акыркы күндөрү жана өлүмү тууралуу бардык жагдайлар камтылган. Гитлер өз жанын кыйган эмес деген версия жана далилдерден оң натыйжа чыккан жок", — деди ал.
Мягков ошондой эле дүйнөдөгү бардык окумуштуулар Гитлердин өлүмү боюнча изилдөөлөрдү аягына чыгарганын белгилеп, америкалык окумуштууларга Россиянын архивине кайрылууну сунуштады.