Бишкекте кафеден өрт чыкты. Сүрөт

Коомдук тамактануу жайынан элди сыртка чыгарышты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкектин борборундагы кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафе күйө баштагандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына саат 17.33тө түшүп, жерине өрт өчүрүүчү бир унаа кеткен.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысынын айтымында, өрт Индия тамактарын жасаган ресторандын ашканасынан чыккан. Жабыркагандар жок. Учурда ал жер чектөөгө алынды.