Керебетте 4-5тен, калганы полдо уктаган балдар кайсы бакчада экени белгилүү болду

Бир күндөн бери социалдык тармактар аркылуу 50дөн ашык баланын бир бөлмөдө жаткан видеосу тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Керебетте 4-5тен, калганы полдо уктаган балдардын видеосу Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында тартылганы белгилүү болду.

Жалал-Абадда балдарды урган тарбиячы соттолду. Ата-энелер өкүмгө нааразы
Кечээ кечинде социалдык тармакта 50дөн ашык баланын бир бөлмөдө жаткан видеосу тараган. Андан бир керебетте төрт-бештен бала узун-туурасынан жатып, калганы полдо уктап атканын көрүүгө болот. Балдардын үстүн да жууркан менен жабышкан эмес. Бул соцтармак колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратып кызуу талкууланууда.

Аталган бала бакча Бишкектин жака-белиндеги "Кудайберген" базарында жайгашкан. Бакчанын директору Айнагүл Мадылбаева видео ошол жерде тартылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.