Кыргызстандык мушкер Бактыбек Дүйшөбай уулу Токиодогу турнирге катышат

Спортчу WEF Global уюмунун 61 килограмм салмактагы чемпиону.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бактыбек Дүйшөбай уулу аралаш мушташ боюнча Япониядагы эл аралык турнирде күч сынашат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине анын машыктыруучусу Мирбек Калыкулов кабарлады.

Ушуну менен токтоп калбайм! Физиев утулгандан кийин үн катты
Анын айтымында, PANCRASE 305 аталышындагы турнир 26-майда Токиодо өтмөкчү. Анда Дүйшөбай уулу жергиликтүү мушкер Юичи Охаши менен беттешет.

Бактыбек Дүйшөбай былтыр ноябрда WEF Global (кулатуу эр таймаш — ред.) уюмунун 61 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган. Анда япониялык Рой Ямагучириону үчүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен уткан.

Дүйшөбай уулу ММА боюнча 6 беттешти утуп, бир ирет жеңилүү ызасын тарткан.