Жаш жубайлар дүңгүрөтүп той берүүнүн ордуна бак тигишти

Алар жаңы отургузулган көчөттөр шаарга көрк берип, жашыл шаарга айланарын тилек кылышты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жаш жубайлар Залкар Назарбек уулу менен Айжамал Замирбекова дүңгүрөтүп той берүүнүн ордуна Бишкек шаарындагы мамлекеттик цирктин маңдайына ак кайыңдын 30 көчөтүн отургузду. Андан сырткары, жетишпей жашаган үй-бүлөлөрдөн тандалган 30 балага кийим-кечек белек кылышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Болочоктогу жаш жубайлар кеңешип, коомдо болуп жаткан ашыкча той ысырапкорчулук экенин айткылары келген", — деп айтылат маалыматта.

Мындай иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков да катышып, өз каалоо-тилектерин айткан.

Алар жаңы отургузулган көчөттөр шаарга көрк берип, жашыл аймакка айланарын тилек кылышкан.

Назарбек уулу Залкар 28 жашта, келинчеги Айжамал Замирбекова 25 жашта. Экөө тең жогорку билимдүү.