Ош шаарын түрк тилдүү элдерге таанытуу уланууда. Кезек бизнес-форумда

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө Оштун климаты ыңгайлуу экендигин билдирди.
Sputnik

ОШ, 22-апр. — Sputnik. Ош калаасында "Улуу Жибек жолундагы Ош шаары менен Ош облусунун туристтик мүмкүнчүлүгү" аттуу бизнес-форум өттү.

Форумдун максаты — туризм бизнесинин өкүлдөрү менен бийлик органдарынын ортосундагы кызматташууну күчөтүү аркылуу Ош шаарын жана облусун эл аралык рынокто активдүү көрсөтүү.

Иш-чарада Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн туризм жана бизнес тармагынын өкүлдөрү өз өлкөсүнүн туристтик потенциалы менен тааныштырды.

Жаманкулов: көк бөрүнү түрк дүйнөсүнүн атынан ЮНЕСКОго киргизүүнү сунуштайм
Ал эми форумдун алкагында "Ош шаары менен Ош облусунун туристтик мүмкүнчүлүгү" аттуу сүрөт көргөзмө уюштурулуп, жергиликтүү уздардын жана усталардын колунан жаралган улуттук колориттеги буюм-тайымдары жөнүндө чет элдик конокторго айтып беришти.

Маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов иш-чаранын максаты - Ош шаарын түрк элине таанытуу экендигин баса белгиледи. Андан сырткары, азыркы тапта туристтер заманбап, кооз көп кабаттуу имараттарга эмес, эски, тарыхый жайларга кызыга тургандыгына токтолуп, эл аралык маданий долбоор мындан эки жыл мурда Казакстандын Түркстан облусунда уюштурулгандыгын айтты.

"Аталган иш-чара өткөндөн кийин Казакстанга келген туристтердин саны эки эсеге өскөндүгү белгилүү. Туристтер көбүнчө уламыштарды, тарыхый окуяларды окуп, ошол жайларга барууга кызыгат. Бизде мындай уламыштар фактысы менен бар. Мисалы, Сулайман-Тоо, карахандар доорунан калган Өзгөн мунарасы. Бир мезгилде Даван цивилизациясынын борбору болгон Ош шаарына канаттуу аттардын монументин орнотсок жакшы болмок. Себеби туристтер өзгөчө архитектуралык курулуштарга кызыгат", — деди Жаманкулов.

Жээнбеков: Оштун Түрк дүйнөсүнүн борбору болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш
Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө Оштун климаты ыңгайлуу экендигин билдирди.

Форумга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өзбекстан, Түркия, Казакстан, Тажикстан Азербайжандан келген туризм жана бизнес тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара "Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун алкагында өткөрүлдү.