Ош: Кытай өкмөтү курган шаардык оорукана пайдаланууга берилди

Оорукананын имаратын курууга 25 миллион 800 миң доллар сарпталган.
Sputnik

ОШ, 22-апр. — Sputnik. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жаңы курулган имараты ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Шайитбек Абдрахманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Оорукананын ачылыш салтанатына өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Аталган оорукана Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда жайгашкан. Үч бөлүктөн туруп, амбулатордук-диагностикалык, стационардык жана администрация бөлүмдөрү бар.

"Үч корпус коридорлор аркылуу бириктирилген. Имаратты курууга 25 миллион 800 миң доллар сарпталып, каражатты Кытай өкмөтү Кыргызстанга кайтарымсыз грант түрүндө берген", — деди башкы дарыгер.

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасын кимдер башкара турганы так айтылды
Анын айтымында, амбулатордук-диагностикалык бөлүмдө кеңеш берүү, дарт аныктоо, кечиктирилгис тез жардам берүү бөлүмчөсү жана реанимация залы менен операция жасоочу зал бар.

Ал эми стационардык корпус 150 орунга ылайыкташтырылган. Заманбап, бардык керектүү шарттар түзүлгөн.

Администрация бөлүмүндө кызматтык бөлмөлөр, эсеп бөлүмү, телемедицина жана 200 орунга ылайыкташкан конференц-зал бар.

Шаардык оорукана медициналык заманбап гастроскоп, лапароскоп, колоноскоп, эхокардиография сыяктуу жабдуулар менен камсыздалган.

"Бул аппараттарды иштетүү боюнча дарыгерлер чет өлкөлөрдөн окуп келишти. Ал эми бул жылы дарыгерлерди Кытайга окууга жиберүү боюнча учурда Кытай элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", — деди Абдрахманов.

Депутат: Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы жылына 2 млн. доллар таза пайда берет
Ал ошондой эле ооруканада хирургия, травматология, нейрохирургия, урология бөлүмдөрү бар экенин айтты. Андан сырткары, бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмалары колдонулат.

Ооруканада дарыгерлер, медайымдар жана кичи медкызматкерлер болуп жалпы 356 киши иштейт. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски имаратына калаадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү жайгаштырылат.