Бишкек шаарындагы музейлерге келген элдин саны арбын. Бул тууралуу Арман Момаханова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө жай мезгилинде шаар тургундары менен кошо эле чет өлкөлүк туристтер да музейге көп кирет.
"Эл келбей калды дегенден алыспыз. Тескерисинче, барган сайын өсүп баратат. Ошол эле шаар тургундарынын музейлерге болгон кызыгуусу күч. Өзгөчө жай мезгилинде чет өлкөлүк туристтер абдан көп келет. Корея, Япония, Казакстан жана Россиядан келген туристтер биздин музейлерге абдан кызыгышат. Мындан тышкары, Сүймөнкул Чокморовдун музейи ачылгандан бери анын буюм-тайымдарын, тартылган тасмаларын чет элдиктер көргүсү келет", — деди Момаханова.
Ал ошондой эле мектеп окуучулары жана студенттер музейлерге бат-баттан келип турарын кошумчалады.