КСДП мүчөлөрү Юстиция министрлигинин алдына митингге чыкты. Талабы эмне?

Митингге чыккандар колдоруна "Саясий басым алууга — жок", "Министр Жаманкулов отставкага кетсин" деген транспаранттарды көтөрүп алган. Алар партия тууралуу маалыматтардын оңдолушу мыйзамсыз экенин айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү Юстиция министрлигинин алдында митингге чыгып, министр Марат Жаманкуловдун отставкасын талап кылышты.

Буга чейин Юстиция министрлигинин сайтында КСДПнын жетекчиси жана жайгашкан жери тууралуу маалыматтар өзгөрүлгөн. Атап айтканда, жетекчи деген жерде Алмазбек Атамбаевдин фамилиясынын ордуна Сагынбек Абдрахманов, "Шабдан баатыр, 4Б" деп көрсөтүлгөн юридикалык дареги да " "Эркиндик, 45" деп оңдолгон.

Карамушкина КСДПнын айланасындагы чуу боюнча: мындай бетпактыкты көргөн эмесмин
Митингге чыккандар колдоруна "Саясий басым алууга — жок", "Министр Жаманкулов отставкага кетсин" деген транспаранттарды көтөрүп алган. Алар партия тууралуу маалыматтар оңдолушу мыйзамсыз экенин айтышууда.

Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын съездин өткөрүп, саясий кеңеш бекитилип, партиянын төрагалыгына шайланган. Ал эми Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПчылар үч күндөн кийин өз съездин өткөргөн. Юстиция министрлиги алардын дарегине Сагынбек Абдрахмановдон партиянын курамы, жетекчиси жана дареги алмашканы боюнча билдирүү келгенин маалымдаган. Ошол эле учурда киргизилген түзөтүү кайта каттоо эместигин билдиришкен. Өз кезегинде Атамбаев Башкы прокурорго Юстиция министрлигине чара көрүү үчүн кайрылган.