Көзү азиз япониялык Ивамото кеме менен Тынч океанды багындырды

Мицухиро Ивамото эки айда 14 миң чакырым аралыкты багындырды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Япониялык көзү азиз Мицухиро Ивамото Тынч океанды кеме менен сүзүп өттү. Бул тууралуу BBC агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Мицухиро Ивамото көзү азиздердин арасында биринчилерден болуп дүйнөдөгү эң чоң океанды багындырды. Ал эки айда 14 миң чакырымды басып өткөн.

"Кыялым ишке ашты. Жер бетиндеги эң бактылуу адаммын", —деди Ивамото.

Япониялык жаран өзүнүн сапарын 24-февралда Сан-Диего шаарынан баштап, аны жардамчысы Даг Смит коштоп барган. Ивамото кемени өзү башкарып, 20-апрелде Фукусима префектурасындагы Иваки портуна келген.