Маркум Камиланын иши боюнча Салянов алып келинбей калабы? Экстрадиция тууралуу

Редакция маркум Камила Дүйшөбаеванын кылмыш ишин иликтөөгө тоскоолдук жараткан деп издөөгө алынып, АКШдан кармалган Калыбек Элтуйбасовду (Салянов) Кыргызстанга экстрадициялоо эмнеге жүзөгө ашпай жатканын билүүгө аракет кылды.
Sputnik

Эске сала кетсек, 2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн буруп, ИИМдин мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев ишти аягына чыгарууга убада берген. 2016-жылы 21-ноябрда кийинки министр Кашкар Жунушалиев да кылмыш ишин иликтей тургандыгын айткан.

Өткөн жылдын 25-ноябрында Ички иштер министрлиги мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча АКШда кармалганын билдирген. Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 10-мартта 55 жаштагы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) сауналардын бириндеги көзөмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ага эс алуучу жайдын жетекчиси А.Н. жардамдашканы айтылат. Ошол учурда видео милицияга дагы керек болгон. Элтуйбасовго тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылып, ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.

Ал ортодо Элтуйбасовдун карындашы Аида Салянова агасы ИИМдин жиберген өтүнүчү менен эмес, АКШнын миграция боюнча мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалгандыгын айтып берген.

Чет жерде өлүм жазасына тартылган кыргызстандыктар. Кылмыштын түрлөрү
Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйын учурунда орун басары Мирлан Каниметов шектүү делген Калыбек Элтуйбасовду (Салянов) Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратура аркылуу АКШга сурам жөнөтүлгөнүн билдирет. Көп өтпөй мындай маалыматты Башкы прокуратура четке кагып, ИИМ сурам жиберген эместигин кабарлаган.

"Калыбек Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча АКШнын компетенттүү органдарына тийиштүү сурам жөнөтүлгөн эмес. Себеби Кыргызстан менен АКШнын ортосунда мындай кызматташуу боюнча келишим жок", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Ички иштер министрлиги тарабынан Башкы прокуратуранын дарегине Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча тийиштүү материалдар түшкөн эмес.

Элтуйбасовду АКШдан алып келүү такыр мүмкүн эмеспи?

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги эгер мамлекеттер ортосунда экстрадиция келишими жок болсо, башка кандай жол менен кылмышка шектүүлөрдү өз өлкөсүнө кайтаруу мүмкүн экендигин билүү үчүн Башкы прокуратурага кайрылды.

Прокуратуранын берген маалыматы боюнча мамлекеттер ортосунда өткөрүп берүү боюнча келишими жок учурда кылмышка шектүүлөрдү үч жол менен кайтаруу мүмкүн. Биринчиси — 2000-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун "Трансулуттук уюшулган кылмыштуулукка каршы" Конвенциясы. Экинчиси 2003-жылдагы БУУнун "Коррупцияга каршы" Конвенциясынын негизинде жүзөгө ашырылат. Ал эми үчүнчүсү — мамлекеттер ортосунда өткөрүп берүү жөнүндө келишим жок болсо, дипломатиялык каналдар аркылуу чет өлкөлүк мамлекеттердин компетенттүү органдарына "өз ара иштешүү принцибинин" (принцип взаимности) негизинде ишке ашырылышы мүмкүн. Бул принцип — кайрылып жаткан мамлекет менен өткөрүп берүү жөнүндө келишим же макулдашуу жок болсо, сурап жаткан мамлекеттин аймагында (мисалы, Кыргызстан) суралып жаткан мамлекеттин (мисалы, Швейцариянын) укук коргоо органы тарабынан издөөгө жарыяланган адам кармалган учурда берилет дегенди түшүндүрөт.

Редакция "Аталган мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен Камила Дүйшөбаеванын кылмыш ишин иликтөөгө тоскоолдук жараткан деген Калыйбек Элтуйбасовду Кыргызстанга алып келүү мүмкүнбү?" деген суроосун Башкы прокуратурага жиберген.

Бала зордуктагандарды кантиш керек? Дүйнө өлкөлөрүнүн колдонгон жазасы
"Элтуйбасов КРдин Кылмыш кодексинин 318-беренеси ("Тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу") менен айыпталып жатат. Аталган берене БУУнун "Трансулуттук уюшулган кылмыштуулукка каршы" жана "Коррупцияга каршы" конвенциясындагы кылмыштардын катарына кирбейт. Ошондой эле АКШнын Юстиция министрлиги "өз ара иштешүү принцибинин" шарттарынын негизинде өткөрүп берүү суроо-талаптарын кабыл албайт. Кыргызстан менен АКШнын ортосунда өткөрүп берүүнү жөнгө салган маселелер боюнча ченемдик-укуктук база жок. Америка КРдин Конституциясынын айрым талаптары эки өлкөнүн ортосундагы өткөрүп берүү келишимине каршы келиши мүмкүн деген негиз менен экстрадициялоо сунушун четке каккан", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, азырынча Калыбек Элтуйбасовду өлкөгө кайтаруу мүмкүн эмес.

Кыргызстан экстрадиция боюнча канча өлкө менен келишим түзгөн?

КРдин Башкы прокуратурасы жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана соттун өкүмүн аткаруу үчүн экстрадициялоо маселелери боюнча эки конвенциянын негизинде иш алып барат. Алардын бири — 1993-жылы 22-январда Минск шаарында түзүлгөн Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча конвенция, ал эми экинчиси 2002-жылы 7-октябрда Кишинев шаарында кол коюлган Жарандык, үй-бүлөлүк жана укуктук мамилелер жөнүндөгү конвенция экени айтылды.

Кыргызстан учурда кылмышкерлерди өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим жана макулдашууларды беш өлкө менен түзгөн.

  • 1998-жылы 27-апрелде Кытай менен;
  • 2003-жылы 24-июнда Иран менен;
  • 2014-жылы 12-декабрда Бириккен Араб Эмирлиги менен;
  • 2018-жылы 14-ноябрда Түштүк Корея менен (келишим күчүнө кире элек);

Мындан тышкары, 2006-жылы 5-сентябрда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда "Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө" макулдашуу түзүлгөн.

Акыркы эки жылда Кыргызстан экстрадиция боюнча канча мамлекетке сурам жөнөткөн?

2016-2018-жылдар аралыгында КРдин Башкы прокуратурасы ар кандай мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу максатында чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын дарегине жалпысынан 379 жаранды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жиберилген. Алар:

  • Россияга — 316;
  • Казакстанга — 33;
  • Өзбекстанга — 6;
  • Тажикстанга — 1;
  • Белоруссияга — 1;
  • Украинага — 7;
  • Азербайжанга — 2;
  • Арменияга — 2;
  • Грузияга — 1;
  • Түркияга — 3;
  • Бириккен Араб Эмирлигине — 1;
  • Испанияга — 1;
  • Италияга — 1;
  • Швецияга — 1;
  • Грецияга — 1;
  • Хорватияга — 1.

Эки жыл ичинде канча мамлекет кылмышка шектүүлөрдү артка кайтаруудан баш тартты?

2016-2018-жылдар аралыгында чет өлкөлүк мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан КРдин Башкы прокуратурасынын кылмыш жоопкерчилигине тартуу же соттун өкүмүн аткаруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө 31 суроо-талабын канааттандыруудан баш тарткан. Мындай чечимдерди кабыл алууга төмөнкү себептер негиз болгон.

— Суралып жаткан адам ошол мамлекеттин жараны болгондугуна байланыштуу;

— Суралып жаткан мамлекеттин ички мыйзамдарына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн;

— Суралып жаткан адам суроо-талап жолдонгон мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандыгына байланыштуу;

— Суралып жаткан адам суралып жаткан чет мамлекеттин компетенттүү органына качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылганына байланыштуу;

Өткөрүп берүү суроо-талаптарын четке каккан мамлекеттер жана кылмышка шектүүлөрдүн саны:

  • Россия — 21;
  • Казакстан — 6;
  • Өзбекстан — 2;
  • Азербайжан — 1;
  • Бириккен Араб Эмирлиги — 1;

Сурам жиберилген өлкөдө документ канча убакытта каралышы керек?

Москвада өлкө аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды
Кишинев конвенциясына ылайык, өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап ал суралып жаткан мамлекеттин компетенттүү органынан келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде каралышы керек. Сурамга тиркелген иш кагаздар (кылмыш иши боюнча материалдар) керектүү маалыматтарды камтыбаса, суралып жаткан тарап сурап жаткан тарапка кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылышы мүмкүн жана ага кошумча 30 күндүк мөөнөт белгиленет. Ал эми Минск конвенциясында сурамды кароонун мөөнөттөрү белгиленген эмес.

Чет мамлекетте кылмышка шектүүлөр КРдин абагына канча убакытта алып келиниши керек?

Чет мамлекеттердин аймагында кылмышка шектүү делген адам кармалгандан кийин Кыргызстандын аймагына алып келинүүсүнүн мөөнөттөрү көрсөтүлгөн эмес. Экстрадиция жөнүндө чечим кабыл алынган адамдарды КРдин аймагына алып келүүгө ыйгарым укуктуу орган — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Айрым учурда мындай иштер ИИМ, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан жасалат.

Эки жылда Кыргызстандын аймагында чет элдик канча жаран кармалып, тергөө абактарына жөнөтүлгөн?

2016-2018-жылдар аралыгында чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Кыргызстандын аймагында жалпысынан 45 адам кармалган. Аларды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптар Башкы прокуратура тарабынан каралып, канааттандырылган. Алар:

  • Россияга 8 адам кайтарылган;
  • Казакстанга — 23;
  • Өзбекстанга — 7;
  • Тажикстанга — 4;
  • Түркияга — 3.

Артка кайткандарды биле албай же Башкы прокуратура ЖАМКка суроону оодарганда…

КР менен Түштүк Корея кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишимге кол коёт
Башкы прокуратура Sputnik маалымат агенттигинин акыркы жылдары өлкөнүн абагына которулган кыргызстандыктар тууралуу берген суроосуна бул маселени Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы карай турганын айтып, расмий кат аркылуу жооп берген. Бирок ЖАМК "экстрадиция тууралуу баштан-аяк Башкы прокуратура карайт, биз болгону кылмышка шектүүлөрдү коштоочу кызматты гана аткарабыз" деп жооп кайтарышкан. Бул суроо менен редакциянын кабарчысы бир жумадан ашык убакыт "алышып", эки мекеменин бири-бирине маселени оодарганына күбө болду.

17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, былтыр 2018-жылы чет жакта жазасын өтөп жаткан 124 кыргызстандык өлкөгө экстрадицияланганын билдирди.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматы аталган маселени ЖАМКка оодарып ийген себебин "алгач суроо түшүнүксүз болуп калганын жана убактысынын тардыгы" менен түшүндүрүп, кутулду.