Базар-Коргондо жоголгон 5 жашар бала үч күндөн бери табыла элек

Наристе 19-апрелден бери дайынсыз.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында 19-апрелде жоголгон 5 жашар И.Э. аттуу бала дагы деле табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Издөө иштерине 40 куткаруучу, 28 милиция кызматкери жана 65 жергиликтүү тургун тартылып, жалпысынан 133 адам издеген.

Бала жоголгон күндөн бери издөө иштери токтогон эмес, бүгүн да уланат.