Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 93 жашка толду

Елизавета II 1926-жылы 21-апрелде төрөлгөн. Ал атасы Георг VI каза болгондон кийин 1952-жылы 6-февралда 25 жашында каныша болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 93 жашка толду. Быйыл анын туулган күнү Пасха майрамына туура келгенин РИА Новости агенттиги жазды.

Елизавета II салт болуп калгандай туулган күнүн үй-бүлөсү менен өткөрүп келген. Ал Англия чиркөөсүнүн башчысы деген макамы болгондуктан жана Пасха майрамына дал келгендиктен ыйык Георгий чиркөөсүндөгү атайын майрамдык иш-чарага катышат.

Елизавета II 1926-жылы 21-апрелде төрөлгөн. Ал атасы Георг VI каза болгондон кийин, 1952-жылы 6-февралда, 25 жашында каныша болгон. Ал падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинде тактыда эң көп отурган жана эң узак жашаган монарх катары тарыхта калды.