Петр Порошенко президенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алды

Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру аяктады.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украинанын азыркы президенти Петр Порошенко президенттик шайлоонун экинчи турунда утулганын моюнга алып, атаандашы Владимир Зеленскийди жеңиши менен куттуктай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

"Эч качан кол куушуруп калба, мындай сөздү азыр да угуп жатам. Экзитполдун жыйынтыктары айдан ачык жана ал мага каршылашыма телефон чалып куттукташ керектигин айтып жатат", — деди ал штабында сүйлөп жатып.

Украинадагы президенттик шайлоо аяктады. Алдыда Зеленский келе жатат
Аны менен катар Порошенко кийинки айдан тарта президенттиктен кете турганын кошумчалады.
"Урматтуу украиналыктар, кийинки айдан тарта мен мамлекет башчылыкты өткөрүп берем. Мындай чечимди украиналыктардын көпчүлүгү кабыл алды. Мен ал чечимди кабыл алам", — деген пикирин Порошенко экзитполдун жыйынтыгы чыккандан кийин өзүнүн штабында сүйлөп жатып айтты.

Жалпысынан Украинада 35,5 миллион киши добуш берүү укугуна ээ. Ал эми чет жакта 527 миң шайлоочу бар. Алар үчүн 72 мамлекетте 101 шайлоо участкасы иштеди. Арасында Кыргызстан дагы бар.

Эске салсак, 31-мартта Украинада президенттик шайлоонун биринчи туру болуп, мамлекет башчысы болууга 39 талапкер ат салышкан. Экинчи турга Украинанын азыркы президенти Петр Порошенко менен биринчи турдун лидери Владимир Зеленский өткөн. Биринчи турда Зеленский 30,7 пайыз добуш алса, Порошенко 18,6 пайыз гана добушка ээ болгон.