Украинадагы президенттик шайлоо аяктады. Алдыда Зеленский келе жатат

Шайлоодо шайлоочулардын жарымы добуш берди
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украинадагы шайлоо участкалары жергиликтүү саат 20:00дө (Бишкек убактысы боюнча 23:00) жабылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Жалпысынан Украинада 35,5 миллион киши добуш берүү укугуна ээ. Ал эми чет жакта 527 миң шайлоочу бар. Алар үчүн 72 мамлекетте 101 шайлоо участкасы иштеди. Арасында Кыргызстан дагы бар.

Токаев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү себебин айтты
Экзитполдун алдын ала жыйынтыгы боюнча талапкер Владимир Зеленский алдыда келе жатат. Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 49,3 пайызы добуш берген.

Эске салсак, 31-мартта Украинада президенттик шайлоонун биринчи туру болуп, мамлекет башчысы болууга 39 талапкер ат салышкан. Экинчи турга Украинанын азыркы президенти Петр Порошенко менен биринчи турдун лидери Владимир Зеленский өткөн. Биринчи турда Зеленский 30,7 пайыз добуш алса, Порошенко 18,6 пайыз гана добушка ээ болгон.

Украинанын президенти беш жылга шайланат.