Украинанын Кыргызстандагы жарандары да президенттик шайлоого катышууда

Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча №900040 шайлоо участкасында 20 адам добуш берди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украинада өтүп жаткан президенттик шайлоого Кыргызстанда жашаган украиналыктар да добуш берүүдө. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Ага ылайык, жарандардын добуш берүүсүнө шарт түзүлүп, шайлоо участкасы элчиликтин имаратында жайгашкан. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө ачылып, 20:00гө чейин иштейт. Саат 12:00гө карата 20 киши добуш берүүгө үлгүргөн.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги Бишкек шаары, Манас Айылы көчөсү, 1А дарегинде жайгашкан.

Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру башталды
Украинада президенттик шайлоонун биринчи туру 31-мартта өтүп, мамлекет башчысы болом деген 39 талапкердин бири да тийиштүү добуш албагандыктан экинчи тур дайындалган.

Экинчи турга Украинанын азыркы президенти Петр Порошенко менен биринчи турдун лидери Владимир Зеленский катышууда. Социалдык сурамжылоого ылайык, Зеленскийди украиналыктардын 70 пайызы колдосо, Порошенкону элдин 25 пайызы гана колдоп жатат.

Украинада президент беш жылга шайланат. Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи турдун жыйынтыгын 1-майга чейин чыгарышы кажет. Ал эми 3-июнга чейин жаңы президенттин инаугурациясы болушу керек.