БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко америкалык Роксанн Модаффериге калыстардын чечими менен утулуп калды.
Учурда Санкт-Петербург шаарында UFC Fight Night 149 турнири өтүп жатат. Анда Шевченко 57 килограмм салмакта Модаффери менен раунд бүткүчө беттешип, натыйжада калыстардын чечими менен атаандашы жеңүүчү деп табылды.
Ушул эле мелдеште дагы бир кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев утулуп калган.