Социалдык тармактагы тесттер колдонуучу жөнүндө маалымат чогултат. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, оюн тесттеринин шилтемесине өтүү менен сиз хакерлерге аккаунтуңуздагы болгон маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк бересиз.
"Социалдык тармактарда, өзгөчө Фейсбук баракчасында ар түрдүү көңүл ачуучу тесттер бар. Бир караганда коопсуз көрүнгөнү менен, ал тесттер жайгашкан шилтемеге өтүп сиз өз аккаунтуңузга кирүүгө жол ачасыз. Сиздин аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн алган хакер, андагы бардык маалыматтарга ээ боло алат. Мындай жол менен сиздин катталган электрондук почтаңызды же сырдык сөзүңүздү таап, банк карточкасындагы акчаңызды чыгарып кетүүсү мүмкүн", — деди Курманов.
Ошондой эле ал соцтармактар аркылуу кандайдыр бир шилтеме келсе, ага кирбей сайттын өзүнө кирип маалымат алуу керектигин кошумчалады.