Радио

Аманова: жетиген — бул кыргыздардын байыркы музыкалык аспабы

Кыргыз Республикасынын эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова жетиген аспабы якут, хакас элинин эмес, кыргыздардын байыркы музыкалык аспабы экендигин айтты.
Sputnik
Аманова: жетиген — бул кыргыздардын байыркы музыкалык аспабы

Жетиген — уламыштар боюнча бир абышканын ар бир кылын согуштан жоготкон жети уулуна арнап жасап чыккан музыкалык аспабы. Ал чүкө менен бөлүнүп, тактайга тартылган кылдардан турат. Бул тууралуу Роза Аманова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жетигендин жаралышы боюнча өнөр таануучу, журналист Балбай Алагушевдин китебинде кеңири баяндалат.

"Жетиген музыкалык аспабын якут, хакас элдерине таандык деп айтып келишет. Бирок бул аспапта байыркы кыргыздар да кол ойнотушкан. Бул тууралуу өнөр таануучу, журналист Балбай Алагушевдин "Кылымдар мурасы" деген чыгармасында кеңири баяндалат. Ал китепте XVIII кылымда комузчу тактайга кыл тартып алып, күү чертип жатканы сүрөттөлөт. Мына ушундай уламыштар жетигендин кыргыздарда болгондугун далилдеп турат", — деди Аманова.

Ошондой эле ал жетиген аспабы менен кыргыз күүлөрүнөн баштап дүйнөлүк чыгармаларга чейин ойносо болорун кошумчалады.