БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмундагы алгачкы беттешинде дагестандык Магомед Мустафаевге техникалык нокаут менен утулуп калды. Бул туурасында беттешти түз алып көрсөткөн сайттарда айтылат.
Ушул тапта Санкт-Петербург шаарында UFC Fight Night 149 турнири өтүп жатат. Мелдештин биринчи кармашында Физиев менен Мустафаев чыккан, натыйжада кыргызстандык мушкер биринчи раунддун 1 мүнөт 26 секундасында утулуп калды.
Алгач аны атаандашы чимирилип башка тээп, андан соң жерге кулаган Физиевге бир нече сокку узаткан. Рефери мелдешти токтотуп койду.
Физиев мелдешке Кыргызстандын желегин көтөрүп, Мирбек Атабековдун "Мурас" ырынын коштоосунда чыкты.
Ушул эле турнирде дагы бир кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко күч сынашат.