Өзбекстандын тургуну Bentley унаасын 30 сааттык мелдештен кийин утуп алды

Конкурстун шарты боюнча ким автоунаага колун көпкө коюп турса, ошол жеңүүчү болмок.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өзбекстандык Лазиз Хошишов Bentley автоунаасына колун 30 саат бою албай коюп утуп алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.

Өзгөчө конкурсту россиялык блогер Михаил Литвинов өзүнүн YouTube каналынын жазылуучулары үчүн өткөргөн.

Конкурстун шарты боюнча ким автоунаага колун көпкө коюп турса, ошол жеңүүчү болмок. Ага катышкандардын арасынан Лазиз эң чыдамкай аталды. Аны жеңиши менен социалдык тармактын колдонуучулары да куттуктап жатат.