БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоору ишин баштап, иш-чаралар өтүүдө.
Алгач 19-апрелде ачылыш аземинде расмий коноктор үчүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Коркут ата" спектакли коюлду.
Андан соң Ош шаарындагы Жаштар эс алуу багында "Кадыр түн тосуу" кечеси өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарада эл аралык салтанатка келген конокторго кыргыз элинин каада-салты, ыр-бийлери көрсөтүлдү. Кечеге катышкан коноктор жакшы максат менен жасалып жаткан сүмөлөктүн даярдалуусуна күбө болуп, каалоо-тилектери менен бөлүштү.
Ал эми иш-чаранын экинчи күнү бүгүн, 20-апрелде, ошол эле эс алуу багында энелер кайнаткан сүмөлөк ачуу шааниси менен ачылды. Бул иш-чарага күбө болуп жаткан конокторго сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер маалымат иретинде айтылды.
Бул долбоордун алкагында "Түрк дүйнөсүнүн этномаданияты" фестивалы, "Элдик каада-салттар", "Этномузыка", "Этномода" иш-чаралары өтөт. ОшМУнун башкы корпусунда илимий-практикалык конференция болмокчу. "Алымбек датка" этнографиялык борборунда "Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо" аталышындагы эл аралык маданий иш-чарасынан кийин түрк элдеринин "Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү" өтөт.
Иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов катышууда. Андан сырткары, Түркия, Казакстан, Македония, Сербия, Азербайжан, Өзбекстан, Башкырстан, Тува Республикасынын чыгармачыл жамааттарынын келиши күтүлүүдө.