Төрт кыздын энеси Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды

Алтын медалды украиналык спортчу алса, коло байгени колумбиялык балбан алды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Малика Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү кабарлады.

Анын айтымында, мелдеш бүгүн, 20-апрелде, Абу-Даби шаарында башталды, эми 27-апрелде жыйынталмакчы. 

Төрт кыздын энеси Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды

Дүйнө чемпионатында Боотаева 62 килограмм салмакта күч сынашып, натыйжада экинчи орунга татыган. Алтын медалды украиналык спортчу алса, коло байгени колумбиялык балбан алды.

34 жаштагы Малика Боотаева былтыр дагы дүйнө биринчилигинен күмүш медаль утуп алган.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде төрт кыздын энеси экендигин айтып берген болчу.