БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Литвадагы Клайпеда шаарында канында алкоголь бар кыз туулганын Sputnik Литва жазды.
Клайпеда университетинин ооруканасынын дарыгерлери буга чейин кездешпеген фактыга күбө болгон. Алар жаңы төрөлгөн кыздын канынан 4 промилле көлөмүндөгү алкоголь тапкан.
Неонатолог дарыгер Наталья Григорьеванын айтымында, 40 жылдан бери иштеп келе жатып, мындайды биринчи ирет жолуктуруп отурат.
"Жакшынакай кыз экен, 2,5 килограмм болуп төрөлдү, көрүнүшү да дурус. Эми мындан ары кандай болорун алдын ала айта албайм", — деген Григорьева.
Дарыгерлердин айтымында, аялдын абалы туруктуу. Баланын ооруканада дагы канча болору азырынча белгисиз. Бөбөктүн канын алкоголдон тазалап, бул абалдан алып чыгуу үчүн канча убакыт кетери да азырынча так эместиги айтылды. Оорукана окуяны Баланы коргоо органына кабарлаган.
Ал эми арактын көлөмү туурасында айтсак, чоң кишилердин канында 2,5 промилле алкоголь табылса, муну бир топ эле мас болгон абал деп эсептешет. Мындай көрсөткүч 4 промиллеге жеткенде жүрөк менен дем алуу ыргагы бузулушу мүмкүндүгү айтылды.