Кордайдагы автобус кырсыктаган учурдан тартылган сүрөттөр жарыяланды

Маалыматтарда көз жумгандардын арасында Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Казакстандын Кордай районунда болгон жол кырсыктын сүрөттөрү пайда болгонун Sputnik Казакстан кабарлады.

Трагедия Казакстанда 20-апрелде Алматы — Ташкент каттамында болуп, эл ташыган автобус аласалып кетип, 11 киши көз жумган. Кырсыктан 30 кишинин жаракат алганы айтылууда.

Жарыяланган сүрөттөрдөн ала салып жаткан автобусту, талкаланып калган Toyota жеңил унаасын, жүк ташуучу автоунааны жана ар кайсы жерде чачылып, бирок үстү жабылып жаткан өлүктөрдү көрүүгө болот.

Мамлекеттик номеринен улам автобустун Шымкентте, ал эми жүк ташуучу унаанын Жамбыл облусунда катталганы божомолдонууда. Ал эми Toyota автокөлүгүнүн мамлекеттик номери даана байкалбай турат.

Казакстандын ИИМинин маалыматына таянсак, Toyota жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Ал эми трассада кетип бара жаткан автобус алардан качам деп буруп жибергенде ала салып кеткен.

Адам өмүрүн алган бул факты боюнча Казакстандын Кылмыш кодексинин 345-беренесинин негизинде иш козголду.

Нур-Султанда үч автобус менен жеңил унаалар кагышып, киши каза болду. Видео
Жамбыл облусунун тартип коргоо органдарынын алдын ала берген маалыматтарына таянсак, алардын арасында Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болгон.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен каза болгондордун арасында Өзбекстандын жарандары бар экендигин айтышты.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстан башчысына жолдогон телеграммасында өлкөнүн кар жолдорундагы коопсуздук чараларын сактоо боюнча чараларды тез арада кабыл алуу зарылдыгын айткан.