БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Кант" аба базасынын балалуу аялды коюп кеткен кызматкери эки жылга шарттуу кесилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жабырлануучу тараптын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымына караганда, мындай чечимди Россиянын көчүп жүрүп иштеген аскер соту кабыл алган. Айыпталуучу аялдын күйөөсү менен туугандарына айыпталуучу компенсацияны толугу менен төлөп берди.
"Сот аны күнөөлүү деп таап, эки жылга эркинен ажыратып, дагы ушул мөөнөткө чейин автоунаа айдоо укугун чектеди", — деди Айткулов.
Эске салсак, автокырсык 2018-жылы 27-августта түндө Аламүдүн районунун Лебединовка айылында болгон. "Кант" аба базасынын кызматкери балалуу аялды койдуруп кеткен. Келин ооруканага бараткан жолдо үзүлсө, бала оор жаракат алганы айтылган. Кырсыктан кийин наркологиялык экспертиза аскер окуя учурунда соо экендигин аныктаган.
Учурда баланын ден соолугу жакшы.